18.01.2025

Видеопортал

Русский Ютуб

Нурила – Баары акча Жаны хит 2024

1 минута чтение



Баары акча
Акчаң болсо темирди бурайсың да,
Акчаң жокто арманга кулайсың да.
Акча гана сүйлөгөн бул заманда,
Асылдыктар жөнүндө сурайсың да..

Төрөт үйдө көз ачкан кезиң АКЧА,
Сүйүүң АКЧА, мамиле, сезим АКЧА.
Каректерде көр дүйнө чагылышып,
Карап турган жасалма көзүң АКЧА..

АКЧА менен табышып эки жүрөк,
АКЧА менен махабат кечи күйөт.
Күбүп салып табигый бетибизди,
Бүткүл жерде АКЧАнын БЕТИ жүрөт!

Тагдырлар көп таш менен башка жеген,
Тагдырлар көп чечилген акча менен..
Көргө чейин көрүнбөй коштоп барып,
Көмүп тынат өңдөнөт акча деген!

Ушул акча баардыгын чечип жатат,
Урмат-сыйдын баасы да кетип жатат.
Билимсиздер бийиктеп акча менен,
Бир туугандар бир-бирин кечип жатат!

Көп дүйнө эмес көңүлгө карайлычы,
Көр дүйнөдөн бийикти самайлычы.
Аң-сезимден асылдык орун алып,
Акчаны эмес адамды баалайлычы!

Созу: Бердибек Жамгырчиев
Обону: Нурила

Продюсер-менеджер: 0700644484 Мырзагул

source

49 комментариев для “Нурила – Баары акча Жаны хит 2024

  1. Эн туура абдан жакшы чыккан ыр создун маанисичи сизге дагы коооп чыгармаларынызды чыгара бериниз Нурила обон чыгарып ырдап турсун рахмат

  2. Чындыгында ырдын мааниси кучтуу экен.Азыр акчан болсо адамсын болуп калды, акчан жок болсо кайырчысын.Чындыгында акча баардыгын чечип калбадыбы бир тууганынбы,же бащкасыбы акчана карап мамиле кылган заман болду.Кыргыз элим адамдык касиетибизди дагы унутпасак.

  3. Нурила эже сизди аябай жакшы көрөм ырларыңызды калтырбай угам назик сулуу кызсыз ❤❤❤❤🎉🎉дагы да хиттерди чыгара бериниз ❤❤

  4. Угуп алып аябай козумо жаш келди.😢Чынында заман ушундай.Адамдардын пейили бузулган.Каерге барба баары акча.😢😢😢

  5. Аябай соонун ,😢❤❤❤.Жашоо ушундай акчага байланып калды.Адамдык сапат-сыпаттарыбыз жоголуп ,адамдык касиеттерибиз жоголуп барат.Акча деген макулукка азгырылып😢😢😢.Ыр супппер.

  6. Ушундпй маанилуу ырларды ким ырдап чыгат экен деп ойлочуумун,Молодец Нурила❤
    АНАН Нурила жоготкон капчыгынды таптынбы анан?😮

  7. Ырды жаратуучуларга ыраазычылык!Кайра -кайра угуп жатам,мигрантмын,бирок ушул ырдын мазмуну бар жокго топук кылып, өз эли жериме кетүүгө себепкер болду го,билет алдык эмки жума Мекенге учам,балдарымын жанына.😊

  8. Соонун жазылыптыр, акча болбосо эч нерсе бутпойт, айрыкча азыркы заманда. Кайда барба акча иштейт. Акчанын айынан канчалаган балдар кыздарыбыз каяктарда иштеп атышат.Нурила сага Ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм👍❤

  9. МА ША АЛЛАХ жакшы соонун маанилүүкен 👍💟 . мотивациие бай болуп кеткендер сүйлөгө сөздөрү башкача болот мейли сүйлөсө сүйлөй берсин орто сүйлөш керек жана ээкти көтөрбөй сүйлөш керек бир туугандарым анан бай болгондор жерге түшүп сүйлөгүлө жана кыйын болбой ыйык АЛЛАХ ым асманга көтөрүп туруп чабып коёт ошндо сен билбей каласын анан түшүнүп каласын анда кеч болуп калат кайра жанагы болуп каласын кандай жүргөн болсон ошондо кылчыңд боко чап деген сөз бар. жана кем багал же байснбы жүгүндү бирөгө артпа анан кайрымдуулук жасаныздар намаз окугла сабырдуу болгула сабырдуу бол иман бекем болсун 🤲☝️

  10. Ыйладым бул ырынды угуп ото таасирдуу ❤❤❤❤мен сенин талантынды абдан сыйлайм сени жакшы кором алтыным кызым,менин кызым 3 уулум бар

  11. Журороко тие турган ыр болуптур кайра кайра кайгырып уктум ыйлап алдым бизда миграцияга журобуз балдарды таштап акча деп азаматсын Нурила ийгилик

  12. Ачуу чындык торот уйдон коз ачканда акча эн туура акча деп алыста туулган жерден мусапыр болуп журобуз орустардын козун карап Аллахым алыс жерде озу колдосун бизди оорубайлы ден соолукта бололу!

  13. Соонун мааниси терен , журокко жеткен,азыркы заманды чагылыштырган ыр жаралыптыр, ишинерге ийгилик талыкпай дагы да ийгиликтерге жетишип журо бергиле😊

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Copyright © Все права защищены. | Newsphere от AF themes.